9-май Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы жеңүүчү болду.
Баткен облусунун Халмион айылында өткөн финалдык беттеште чүйлүктөр Таластын “Ынтымак” командасы менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча берилген 10 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай, буллитте Чүйдүн оюнчулары алдыга чыгып, жеңишке жетишти (2:1).
Ушуну менен 3-жолу катары менен көк бөрү боюнча республикалык турнирлерде аталган командалар финалда беттешти.
Буга чейин эки жолу “Ынтымак” командасы Сары-Өзөндү финалда утуп келген. Былтыр 31-августта эгемендикке арналган мелдеште "Ынтымак" "Сары-Өзөндү"7:0, "Нооруз-2022" турниринде 4:1 эсебинде жеңип алган.
Баткен облусунун Халмион айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 1-майда башталган. Оюндар үч лигада болду.
9-майда Биринчи лигада финалда “Алай” жана “Көк бөрү мектеби” ойноп, 5:1 эсебинде “Алай” оюнчулары жеңишке жетти. 40 жаштагы ардагер көк бөрүчүлөр арасында Талас командасы баш байге алды. Алар финалда чүйлүк атаандаштарын 4:1 эсебинде утуп алышты. (ECh)
Дагы караңыз
Гонконгдун администрациясын Бээжинди жактаган саясатчы башкармай болдуВаршавада нааразылык иретинде орус элчисине кызыл боёк чачыштыТуринде Eurovision ыр жарышы башталдыТалапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды