Аталардын, апалардын эрдигине таазим (сүрөт баян)

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары. 9-май, 2022-жыл.

Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. 

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган.

Шаардын "Түштүк дарбазасынан" башталган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согушка катышкан 50 чакты гана ардагер калганын 9-майда билдирди.

Расмий маалымат боюнча, 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

 Быйылкы "Өлбөс полк" жүрүшүнө 20 миңге жакын киши катышканын жүрүштүн уюштуруучулары билдиришти.  

 

Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет.

Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүндө "Өлбөс полк" жүрүшү боюнча кайчы пикир жаралды.

Жүрүштө Z, V сыяктуу согушка байланышкан атрибуттарды колдонбоо тууралуу эскертүү берилди. Катышуучулардын көбү Георгий тасмасын тагынып жүрүштү.

Өчпөс от. 

Жеңиш күнүн белгилөө Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отто" да уланды. 

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары "Өчпөс отко" гүлчамбар коюшту.

Бишкек. Жеңиш аянтындагы жоокерлер.