Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталат

Баткен.

Бүгүн 9-майда Баткенде Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталат. 2-майда башталган, отуздан ашык команда катышкан, жалпы байге фонду 3,5 миллион сомду түзгөн оюндардын Жогорку лигадагы таймашынан кийин жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Көк бөрүдөн тышкары Салбуурун оюндары, эр эңиш, кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш мелдештери да болот.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганын быйыл февралда билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Луганск: Мектепке урулган соккудан ондогон өмүр кыйылды Канада лидери күтүүсүз Украинага барып, Ирпендин жашоочулары менен жолуктуАКШнын биринчи айымы Жилл Байден Украинага бардыЭкинчи дүйнөлүк согуш: Түркстандык аскер туткундары