Канада лидери күтүүсүз Украинага барып, Ирпендин жашоочулары менен жолукту

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 8-майда күтүүсүздөн Украинанын Ирпен шаарына барды. Бул тууралуу калаа мэри Александр Маркушин билдирди.

«Ал орус баскынчыларынын кылмыштарын өз көзү менен көргөнү келип нес болду. Толугу менен өрттөлгөн жана талкаланган аскердик обьектилерди эмес, ирпендиктердин үйлөрүн көрдү»,-деп жазды Маркушин өзүнүн Телеграм каналында.

Ушул эле күнү Киевге Германия менен Норвегия парламенттеринин төрагалары Бербель Бас менен Масуд Гарахани барып, президент Владимир Зеленский менен жолугушту.

Украинанын батышындагы Ужгород деген шаарга Американын биринчи айымы Жилл Байден күтүүсүздөн барып, украинанын биринчи айымы Елена Зеленская менен жолукту.

Ал эми ирландиялык атактуу U2 тобунун солисти Боно Киевдеги метро станциялардын биринде концерт койду.