Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин күрмөсү Лондондогу аукциондо 90 миң фунт стерлингге же 113 миңдей долларга сатылды. Түшкөн каражат Украинага жардамга которулат.
Аукцион маалында Зеленский өзү видео аркылуу кайрылуу жасап, Британияга жана өкмөт башчы Борис Жонсонго Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Аукционго Борис Жонсон Киевге барганда алган короз сувенир жана башка буюм-тайымдар коюлду.
Британия Украинага кошумча 1,6 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтмөй болду. Бул тууралуу 7-майда жарыяланды. Лондон буга чейин да аскердик техника жөнөткөн.
«Путиндин акылга сыйгыс кол салуусу бир эле Украинаны талкалабай, бүтүндөй Европадагы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч жаратып жатат»,-деп жазылган Борис Жонсондун билдирүүсүндө.
Украинага жөнөтүлгөн каражат өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар үчүн резервинен алынат.
Дагы караңыз
«Талибан» аялдарды бетин жаап жүрүүгө милдеттендирдиЛуганск облусунда 90дой адам жашырынган мектепке сокку урулдуКыргызстанда оркестр жамааттарынын сынагы өттү