Кыргызстанда оркестр жамааттарынын сынагы өттү

Оркестрлердин жарышы.

7- майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен алгачкы жолу оркестр жамааттарынын сынагы өтүп, ал баш калаа Бишкектеги Улуттук тарых музейинин алдында гала концерт менен жыйынтыкталды.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Концертке аймактардан жана Бишкектен жалпы 600гө жакын өнөрпоз катышты. Биринчи орунду Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри менен Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар оркестри алды.

Экинчи орунга Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясынын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри, Аламүдүн райондук маданият бөлүмүнө караштуу “Арка-Сыры” элдик фольклордук оркестри жана “Арашан” фольклордук оркестри татыктуу болду.

Ар бир жеңүүчү оркестрге акчалай сыйлык жана дипломдор берилип, биринчи орунга 65 миң, экинчи орун 60 миң, үчүнчү орун 45 миң, ал эми кызыктыруучу сыйлык катары 25 жана 35 миң сомдук сертификат тапшырылды. (BCh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлөт деп билдирдиКыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топ жолуктуКиев “Азовсталдан” аялдар, балдар, карылар толук эвакуацияланганын кабарлады