Кыргызстанда 18ге чыга элек балдардын жарымы жакырчылыкта жашайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин апрель айындагы анализине ылайык Кыргызстанда жашаган 18ге чыга элек балдардын 50,9% жакырчылыкта жашары белгилүү болду.

Элет жериндеги калктын 48,8%, шаардыктардын 30,7%, 18 жаштан 64 жашка чейинкилердин 36,9%, 65 жаштан улуулардын 34,8% жакырчылыкта жашоодо.

Аймактардан жакырчылык тизмесинин башында Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облусу турат.

Статком жакырчылыктын индексин аныктоодо эл аралык ыкмаларды колдонгон. Үйдөгү таза суу, киреше булагы, ден соолук кызматын колдонуу деңгээли, тамактануунун сапаты, билим деңгээлине байланыштуу жагдайлар эске алынган. (BCh)

Дагы караңыз

Орус аскерлери "Азовсталга" кайрадан чабуул жасай баштадыЧүйдө жүк ташыган айдоочуларды опузалоого шектүүлөр кармалдыМоскванын соту журналист Александр Невзоровду сыртынан камакка алдыКыргызстан Өзбекстандан чек арадагы окуяга түшүндүрмө талап кылды