Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти

Кемпир-Абад суу сактагычы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиришинче, каргашалуу окуя 2-майда болгон.

Сууга чөгүп кеткен балдар 14-15 жашта, Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынан.

Балдардын сөөгүн айылдаштары түнкү саат 10до табышкан. Милиция соттук-медициналык текшерүүнүн жыйынтыгына таянып, алардын сууга чөгүп кеткенин ырастады.

Ош облустук ИИБсынын маалыматында, Кемпир-Абад суу сактагычына чөмүлүүгө тыюу салынары тууралуу жазуулар илинген. Бирок ага карабай сууга түшкөндөр болууда.

Дагы караңыз

Самат Сыдыковго арналган даректүү тасма тартылдыЧек ара: Бишкек Ташкенттен түшүндүрмө талап кылатӨлкө боюнча төрт айда 300 миңден ашуун жол эрежеси бузулдуБишкекте 9-кабаттан боюн таштаганы жаткан аял куткарылды