9-май Жеңиш күнүн утурлай Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Самат Сыдыковго арналган даректүү тасма көрсөтүлөт. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы тарткан тасманын бет ачары Улуттук тарых музейинин кино залында 4-майда өттү.
“Самат Садыков” тасмасы тарых музейинде 8-майда саат 11:00 жана 15:00 көрсөтүлөт. Андан сырткары 7-майда Сүлүктү шаарындагы Маданият үйүндө, 8-майда Раззаков шаарындагы кинотеатрда, 9-майда Баткен шаарындагы Октябрь кинотеатрында көрсөтүлмөкчү.
Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткарып, тасма 50 мүнөткө созулат. Аны режиссер Алим Токторов тарткан.
Самат Садыков 1920-жылы Ош облусунун (азыркы Баткен облусунун) Кара-Сай айылында туулган. Ал Берлинди алуудагы согушка катышып, курман болгон. Ага эң жогорку даражадагы Советтер Союзунун Баатыры (1945-жылы) наамы ыйгарылган.
Самат Садыковдун ысымы Лейлек районундагы айылга, мектепке берилип, Самат айылында аны бюсту тургузулган.
9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.
Улуу Ата Мекендик согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон. 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болгон. (КЕ)
Дагы караңыз
Өлкө боюнча төрт айда 300 миңден ашуун жол эрежеси бузулдуБишкекте 9-кабаттан боюн таштаганы жаткан аял куткарылдыИИМ: турак жай кооперативдеринен 200дөй адам жабыркап, чыгым 121 млн. сомдон аштыАжылык сапарга барчуларды каттоо башталды