Бишкекте 9-кабаттан боюн таштаганы жаткан аял куткарылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Бишкектеги курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттардын биринин 9-кабатынан боюн таштаганы жаткан аял тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө беш куткаруучу тартылып, аялды жерге түшүрүп милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.


Буга чейин, 26-апрелде Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаганы жаткан аял куткарылган.

17-мартта Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болгон.

23-февралда Ошто 13 жаштагы өспүрүм беш кабаттуу үйдөн секирип, жанын кыйганын кабарлаган. (КЕ)

Дагы караңыз

ИИМ: турак жай кооперативдеринен 200дөй адам жабыркап, чыгым 121 млн. сомдон аштыАжылык сапарга барчуларды каттоо башталдыКыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын үч жараны каза болду (видео)"Медиазона": Путиндин согуш учурундагы жарлыктарынын жарымынан көбү "жашыруун"Беларус митингчилерге каршы аскердик техника колдонууга уруксат берет