Лукашенко Украинадагы согуш созулуп кеткенин айтты

Александр Лукашенко.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын Украинага кол салуусун кайрадан комментарийлеп, анын созулуп кеткени күтүүсүз болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал бейшембиде Associated Press (AP) маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

“Чынын айтсам, мен бул операция мындай жол менен созулуп кетет деп ойлогон эмесмин. Мен орусиялыктардын планындай кетип барат деп айта албайм, темага анчалык кирбедим. Мен өзүм ошондой сезип жатам”,-деди Лукашенко.

Беларустун башчысы ал коңшу өлкөдөгү согушту токтотууга болгон аракетин жумшап жатканын кошумчалады. Ал мындан сырткары Украинанын аймагында өзөктүк куралдын колдонулушуна каршы экенин айтып, орус президенти Владимир Путинде “мындай план бар-жок экенин билбей турганын” белгиледи.

AP агенттиги жазгандай, ал Украинадагы окуяны Орусия атагандай “атайын аскердик операция” дегенден сырткары “согуш” деп да атап жатты.

Александр Лукашенко буга чейинки интерьюларында “Орусиянын кол салуусуна Киевдин өзү чагымы алып келгенин” айткан. Ал ошондой эле “Орусиянын Украинага чабуул жасаса ал эки-үч күндө аяктай турганын” да кеп кылган эле.

Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди.

Украинага кол салган орус аскерлери Беларустун аймагынан да кирип келишкен. Согуштук аракеттерге чейин алар беларус аскерлери менен машыгуу өткөрүп жатышкан эле. Расмий Минск алардын жоокерлери чабуулга аралашпаганын билдирип келет. (ErN)