Британия Москва фондулук биржасынын макамын жокко чыгарды

Москва фондулук биржасынын (MOEX) логотиби жана Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британиянын Бажы жана кирешелер департаменти (HMRC) “Таанылган фондулук биржалардын” тизмесин 5-майда жаңыртып, Москва фондулук биржасын (MOEX) андан чыгарды.

Британ өкмөтү өткөн айда Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу жаңы санкциялар киргизиле турганын, анын ичинде Москва биржасы да бар экенин маалымдаган.

Британиянын Салык кызматы жаңы чара Орусиянын Борбордук Банкы чет элдик инвесторлорго киргизген 28-февралдагы чектөөлөрү менен байланыштуу экенин түшүндүргөн. Орусиялык көзөмөл мекемеси анда чет элдиктерге активдерин Москва фондулук биржасы аркылуу сатууга тыюу салган. Бул иш жүзүндө Мосбиржа “таанылган биржаларга тиешелүү кадимки коммерциялык стандарттар менен иштебейт” дегенди түшүндүрөт.

“Москва биржасы чет элдиктерге салынган чектөөлөрдү албагандыктан, Улуу Британиянын аны таанылган биржалардын катарындагы макамын жокко чыгаруудан башка аргасы жок эле. Бул Орусиянын активдерине акчанын кирүүсүн токтотот жана Орусияда жаңы инвестиция салуу максатсыз экенине так түшүндүрмө берет”,- деп айтылат Улуу Британиянын финансы министрлигинин катчысы Люси Фрейзердин билдирүүсүндө.

Москва биржасы – Орусиядагы акцияларды, облигацияларды, валюталарды, өндүрүш, каржы рыногундагы инструменттерди, баалуу металлдарды, дан азыктарын жана кумшекерди алып сатуучу ири биржа. Орусиялык компаниялардын акциялары ушул биржада сатылат же, ушул биржа аркылуу кепилденет. Ушул эле биржа аркылуу коммерциялык банктар доллар, евро жана башка чет элдик валюталарды алып сатат.

Орусия Украинага кол салып, ага байланыштуу Батыш Москвага санкция салгандан кийин Орусиядагы компаниялардын акциялары кескин арзандаган. Орус рублинин куну да кеткен. Мындан кийин Орусиянын Борбордук банкы Москва биржасындагы сооданы улам-улам жаап, алып-сатууну чектеп жатат. Бул улуттук валютанын кунун сактоого убактылуу жардам берген. (ErN)

Дагы караңыз

Сузакта 650дөн ашуун үйдү сел каптадыБайсалов манасчы Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча пикирин айтты Кепеде жашаган үй-бүлөнүн балдары санаторийге жиберилдиАрмениянын премьер-министри оппозициянын кызматтан кетүү талабына жооп бердиМиң-Куш: урандын уусун эске салган жер көчкү