Сузакта 650дөн ашуун үйдү сел каптады

Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айылдарында 654 турак үйдү, 10го жакын социалдык мекемелерди сел каптады.

Аталган айылдардан 1053 адам эвакуацияланганын облустук администрациядан билдиришти. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 5-майда сел жүргөн айылдарга барып, абалды көрдү.

Жарандык коргонуу кызматынан 260, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган үйлөр тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 12 техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника бөлүндү.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-бад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короолорун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Президент Садыр Жапаров селден улам өлкө аймагында ондогон үй-бүлөдөн 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөнун Фейсбукка жазып, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызгидромет борбору тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертүүдө. (SE\TB)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үрөй учурган сел

Дагы караңыз

Байсалов манасчы Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча пикирин айтты Кепеде жашаган үй-бүлөнүн балдары санаторийге жиберилдиАрмениянын премьер-министри оппозициянын кызматтан кетүү талабына жооп бердиМиң-Куш: урандын уусун эске салган жер көчкү