Аба ырайы: айрым аймактарда мөндүр жаайт

Бишкек.

6-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз айрым аймактарда жаан-чачын болот. Кыргызгидромет агенттиги тоолуу райондордо мөндүр жаап, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымалдыгын эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Нарын жергесинде түнкүсун 5...10, күндүз 20...25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 25…27°.

Дагы караңыз

"Бешкемпирдеги" уяң кыз ажарлуу актрисага айландыБаш мыйзам: президенттик бийликти сынаган бир жылСел кесепети: көпүрө бузулуп, машине акты