УКМК Баткендеги асфальт төшөө ишин көзөмөлгө алганын маалымдады

Жаңы төшөлгөн асфальт. Баткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында фирма тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бул иштер технологиялык талап бузуу менен аткарылганы айтылат.

"УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүү жүргүзүүдө", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Облустук бийлик бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна кабылган.(КЕ)

Дагы караңыз

Орусия кыргызстандык жүргүнчүлөргө чектөөнү жоетЧек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууландыAP: Мариуполдогу театрга урулган авиасоккудан 600дөй адам өлгөнӨКМ: Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолу жабык