Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду.
Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.
Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактаган.
Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр, 5-майда кол койгон. Андан бери Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн бир катар мыйзамдар өзгөрүүдө.
Бишкекте “Бүгүнкү Конституция туңгуюкка алып барат” деген темада конференция өтөт. Аны Бириккен Демократиялык кыймыл уюштуруп жатат.
5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат. (КЕ)
Дагы караңыз
"Кыргызалтын" ишканасына "good delivery" макамы кайтарылды“Чек арасыз кабарчылар”: сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 72-орундаБеларус парламенти террорчулук үчүн өлүм жазасын бекиттиБосния-Герцеговинадагы саясий кризистин фонунда шайлоо күнү белгиленди