Бүгүн, 5-майда Бишкекте футбол боюнча "Мурас" турнири уланат. Анда жарым финалга чыккан төрт команда ойнойт.
“Мурас” достук футбол мелдешинин биринчи күнүндө (4-май) тайпалык жана чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар жарым финалга чыгышты.
- “Президенттин администрациясы” - “Алга”
- “Жогорку Кеңеш” - “Ыйман”.
Мелдеш түз эфир аркылуу КТРК жана КТРК спорт телеканалдарында 12:00дө башталат.
4-майда башталган турнирге мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин, журналисттердин жана башка топтордун 12 командасы катышкан.
Турнирге катышкан командалардын тизмеси:
- “Президенттин администрациясы” - Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациянын кызматкерлери;
- “Өнөр” - Маданият ишмерлери;
- “Бизнес” - ишкерлер;
- “Журналисттер” - маалымат каражаттарынын өкүлдөрү;
- “Алга” - футбол ардагерлери;
- “Спорттук федерациялар” - Спорттук федерациялардын жетекчилери;
- “Жогорку Кеңеш” - парламенттин депутаттары;
- "Аймактар" - президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери;
- “Ыйман” - муфтий баштаган дин өкүлдөрү;
- “Элчилер” - чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери;
- "Ден соолук" - дарыгерлер;
- “Билим” -жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектеп директорлору.
2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдештер өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, үчүнчү орунду президенттин администрациясы ээлеген. (КE)
Дагы караңыз
"Кыргызалтын" ишканасына "good delivery" макамы кайтарылды“Чек арасыз кабарчылар”: сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 72-орундаБеларус парламенти террорчулук үчүн өлүм жазасын бекиттиАлайда 200дөн ашуун үйдү сел каптап, тургундар көчүрүлдү