Арал - Миң-Куш жолу ачылды

Жер көчкү түшкөн аймак. 04.05.2022

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Арал - Миң-Куш жолу бир тараптуу ачылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, жолду кеңейтүү иш-чараларына министрликтин ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылып, жол 3-майда ачылды.

Дагы караңыз Миң-Куш: урандын уусун эске салган жер көчкү

1-майда Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун Кызыл-Сөөк тилкесинде жер көчкү түшкөн. ӨКМ 15 миң метр куб көчкү түшүп, Миң-Куш дарыясы аккан жердин жарымын жаап калганын билдирген. Натыйжада, суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр жерин жеп кеткен. Аймакта кооптуу абал жаралганына байланыштуу жол убактылуу жабылган.

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 4000ге жакын киши жашайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана техникалардын үлгүлөрү көрсөтүлөтОрусия Украинадагы согушту сындаган журналистке издөө жарыяладыПутин менен Макрон марттан бери биринчи жолу телефондон сүйлөштүБишкек-Ош жолунда төрт айда 12 адам каза болду