Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби Айт намазда окулду

Гурбангулы Бердымухамедов Эгемендик майрамындагы иш-чарада ат минип баратат. 27-сентябрь, 2021-жыл, Ашхабад.

Түркмөнстанда молдолор Айт намаз учурунда мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Жашоомдун маңызы” аттуу жаңы китебин окушту.

“Түркмөнстан хроникалары” басылмасынын маалыматына караганда, бул жөнүндө репортажды мамлекеттик ТДХ агенттиги көрсөттү.

“Жашоомдун маңызы” – Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби. ТДХ бул “философиялык-адабий залкар эмгек түркмөн элине миңдеген жылдар бою муундан-муунга өтө турган акылмандыктын жана улуттук руханий баалуулуктардын туу чокусу” экенин жазган. Китептин бет ачарын 29-апрелде президент Сердар Бердымухамедов өткөргөн.

Мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн 15 жылдык башкаруусу маалында алтымыштан ашуун китеп жазды. Анын китептеринин тематикасы дагы ар түрдүү - жылкы асыроо, ит багуу, түркмөн салты, килемдери, чай өстүрүү жана дары чөптөргө байланыштуу темалар камтылган.

Дагы караңыз

Улуттук анимациянын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун музейи ачылдыВенгриянын тышкы иштер министри "Достук" ордени менен сыйландыАкылбек Жапаров дарыгерлерге көрүнүү үчүн Германияга кеттиУКМК "Хизб ут-Тахрир" уюмунун он эки мүчөсү кармалганын кабарлады