Алайдагы сел эки кыштакты байланыштырган көпүрөнү алып кетти

Иллюстрация.

3-май күнү түштөн кийин Ош облусунун Алай районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыска мөөнөттүү жаандан кийин кокту-колоттон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарындагы үйлөрдүн короолоруна киргенин билдирди. Тургундар жабыркаган эмес.

Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен.

Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иштеп жатышат.

Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучун эскерткен. (SE)

Дагы караңыз

Венгриянын тышкы иштер министри "Достук" ордени менен сыйландыАкылбек Жапаров дарыгерлерге көрүнүү үчүн Германияга кеттиАКШ Орусиянын жаңы планы тууралуу эскертти Мыкты мугалимдер Грузияга барат, Орусия футболдон калат "Сөз эркиндиги бар жерде фейктерге орун жок"