Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу 3-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, ал күн сайын тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катыша турганын маалымдады.
Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.
29-октябрда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыккан.
Акылбек Жапаров бул кызматка 2021-жылдын октябрында дайындалган. (SE)
Дагы караңыз
Жогорку Рада орусиячыл партияларга тыюу салган мыйзам кабыл алдыПутин санкцияга кирген чет элдиктерге мунай сатууга тыюу салды"Азовсталь" заводунан эвакуацияланган жарандар Запорожьеге бардыОрусия Израилди “Киевдин неонацисттик режимин” колдоп жатат деп айыптадыАрал-Миң-Куш жолу эки күндөн бери жабык туратЛейлекте миң гектардай жерди чегиртке каптады