Арал-Миң-Куш жолу эки күндөн бери жабык турат

Миң-Куш

Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун Кызыл-Сөөк тилкесинде жер көчкү түшүп, эки күндөн бери жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 15 миң метр куб көчкү 1-май күнү саат 15:00 чамасында түшүп, Миң-Куш дарыясын жарымын басып калган. Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Аймакта кооптуу абал жаралганына байланыштуу жол убактылуу жабылган.

Учурда дарыянын нугун тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 4000ге жакын киши жашайт. (MiK)

Дагы караңыз

Британия Украинага дагы аскердик жардам берерин жар салдыЛейлекте миң гектардай жерди чегиртке каптадыПутин санкцияга кирген чет элдиктерге мунай сатууга тыюу салдыАКШ Орусиянын жаңы планы тууралуу эскертти Чүйдөгү сүт маселеси боюнча жумушчу топ түзүлөт