АКШ элчиси Москва Донбассты аннексиялоого даярданып жатканын эскертти

Майкл Карпентер

Орусия Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөр менен Херсон облусундагы ыктымал түзүмдү аннексия кылып, өзүнө кошуп алууга даярданып жатат. Бул тууралуу америкалык чалгын кызматына таянуу менен АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ – ОБСЕ) элчиси Майкл Карпентер жарыялады.

Анын айтымында, Москва алгач аталган аймактарда Орусияга кошулууну жактаган жасалма референдумдарды өткөрүп, ошондон кийин чечим кабыл алынат. Бул үчүн орус күчтөрү азыр басып алып жаткан Херсон облусунда көз карандысыздык жарыяланат. Элчи бул иштер май ичи аткарыларын кошумчалады.

Мындай маалыматтарга кыйыр далил катары Орусия басып турган украин аймактарындагы шаар мэрлери жана жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрү барымтага алынып жатат. Чөлкөмдө интернет жана уюлдук байланыш өчүрүлүп, мектептерди орусиялык программага өткөрүү жана орус рублин жүгүртүү аракети көрүлүүдө. Украинанын Херсон облусунда Орусия “ХЭР” (“ХНР”) – “Херсон Элдик Республикасы” түзүмүн курууну пландап жатканы буга чейин да маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

Дагы караңыз

Жумаев: маалымат каражаттарын өз жана бөтөн деп бөлбөйбүзИИМ Бишкекте жалган "милиционер" кармалганын билдирди"Азаттыктын" каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты Ноокатта үй-жайы бузулган тургундар коркутууга кабылганы айтылууда Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири