Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте өзүн милиционер деп тааныштырып, жергиликтүү тургундан акча опузалаган адам кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жашоочулардын биринен 150 миң сом талап кылып, бербесе камакка аларын айткан. Коркутууга кабылган жаран 130 миң сом берип, анан ИИМге арызданган.
2-майда Ички иликтөө кызматынын адистери шаардык прокуратура менен биргеликте шектүүнү дагы 15 миң сом алып жатканда колго түшүргөн.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталды. (SE)
Дагы караңыз
"Азаттыктын" каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты Ноокатта үй-жайы бузулган тургундар коркутууга кабылганы айтылууда Жумаев: маалымат каражаттарын өз жана бөтөн деп бөлбөйбүзUEFA Орусиянын командаларын мелдештерден четтетти Бишкекте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөтОдессага жасалган ракеталык чабуулда бир бала каза болгону кабарланды