Ирандын мугалимдер майрамы – 1-май күнү өлкөнүн он чакты шаарында мугалимдердин нааразылык акциясы өттү.
30-апрелде Ирандын мугалимдеринин координациялык кеңеши бийлик Тегерандагы кесиптик кошуундун төрт активистин камакка алганын жарыялаган. Мариван шаарында дагы үч активист кармалып, башка шаарлардагы активисттер суракка чакырылганы кабарланган.
Буга нааразы болгон Тегеран, Шираз, Арак, Керманшах, Санендеж жана башка шаарлардагы мугалимдер кармалгандарды бошотууну талап кылышты. Алар ошондой эле агартуу тармагындагы кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшту. Бушера шаарында полиция нааразылыкка чыккандарга каршы күч колдонуп, алты кишини камакка алган.
Акыркы айларда Иранда мугалимдер бир нече жолу көчөгө чыгып, маянаны көтөрүү жана башка шарттарды түзүүнү талап кылышкан. Педагогдор билим берүү тармагында реформаларды тез арада ишке ашыруу сыяктуу маселелерди көтөрүшкөн. (ErN)
Дагы караңыз
Украинадагы согушту сындаган орус олигархы банкын тарттырып жибергенин маалымдадыИрактын Курдистан аймагындагы мунай базасы аткыландыОшто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланды3-майда айрым аймактарда жаан жаайт