Ирактын Курдистан автономдук районунун борбору Эрбил шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 1-майда алты ракета түштү. Бул тууралуу Күрдистандын антитеррордук органдары кабарлады.
Ракеталар Ирактын башка провинциясы - Ниневия тараптан атылган. KAR мунай компаниясына таандык заводдордун бир ыптасы өрттөндү, имараттар олуттуу жабыр тарткан эмес. Курмандыктар жөнүндө да маалымат айтылган жок. Ракеталар заводдун жанына тийгени такталды.
Эрбилдеги мунайды кайра иштетүүчү заводдорго 6-апрелде да үч ракета тийген.
Мартта Эрбил шаарын Иран ракета менен аткылаган. Тегеран өз кадамын Эрбилде “Израилге караштуу стратегиялык борбор бар экени” менен түшүндүргөн, күрд бийликтери муну төгүндөгөн. (ErN)
Дагы караңыз
Ошто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууландыБишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду3-майда айрым аймактарда жаан жаайтРахмон Кыргызстан менен мамилени чыңдоону өнүктүрүүгө ишенерин айтты