3-майда айрым аймактарда жаан жаайт

Бишкек.

3-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан-чачын болот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15...17, күндүз 25...27°.

"Ачык Time" подкастын угуңуз

"Даттанба, ыйлаба...". Эркектерге коомдун басымы"Ысык-Көлгө "персона нон-грата" болуп кала жаздадым"Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы"Мектеп кол жеткис кыял бойдон калды"Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектер