2-майда Армениянын борбору Еревандын ар кайсы райондорунда Тоолуу Карабакка байланыштуу нааразылык акциясына чыккан кеминде 125 адам кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы Полициянын маалымат борборуна таянуу менен жазды.
1-майда Еревандын борбордук аянтына миңдеген адам чогулуп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган. Алар акцияны түнү менен улантарын жарыялашкан. Оппозиция 2-майдан тартып, “баш ийбөө” акциялары башталарын жар салган.
Учурда Еревандын борбордук бөлүгүндөгү ондогон көчөлөр жабылды. Нааразылыкка чыккандар Маштоца, Пушкин, Маштоц-Амирян кесилиштеринде олтургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып баррикада жасап жатышат. Эң негизги акция өткөн “Франция” аянтынын төрт тарабы тең тосулду.
Эки апта мурда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын төмөндөтүүнү күтүп жатканын” айткандан кийин акциялар башталган. Оппозиция муну армян өкмөтүнүн Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп баалап жатат.
Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Армения аталган аймактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин маалымдаса, Азербайжан тарап тескерисинче Армения тарапты күнөөлөгөн. Нейтралдуу аймакты кайтарып жаткан орус аскерлери Азербайжан тараптан аткылоого кабылганын билдирген.
Апрелдин башында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ортомчулугу аркасында Брюсселде жолугушкан. Анда алар Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.
Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)