Таластагы корукка Алтайдан маралдар алып келинди

Аксыдагы бугу. Иллюстрациялык сүрөт.

Таластагы Беш-Таш коругуна Орусиянын Алтай аймагынан алып келинген 35 марал кое берилди. Алар атайын "35 марал" деген долбоордун негизинде алып келинген. Долбоорду ишке ашырууга "Бакубат Талас" фонду жана "Альянс Алтын" ишканасы колдоо көрсөтүп, 2,5 миллион сом берген.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, Таласта маралдарды багуу илимдер академиясы тарабынан аныкталган корутундунун негизинде ишке ашырылууда.

Кыргызстандын аймагында бугу-маралдарды көчүрүп, көбөйтүү аракети буга чейин да болгон. 2018-жылы Нарындан Аксынын тоолоруна тогуз бугу-марал жеткирилген. Бугу-маралдар Аксыдагы Балтыркандын коругуна көчүрүлгөн.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун бугу-марал бар. Алар негизинен Аксынын Сары-Челек, Нарындагы Марал коруктарын жана Ысык-Көл облусун байырлайт. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын Украина менен чектешкен облусунда темир жол көпүрөсү куладыТүркияда кымбатчылыкка байланыштуу акцияга чыккандар кармалдыОоганстандагы жардырууга “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алдыКесиптик лицейлерди реформалоо сунушталды Акыйкатчы жарандарды онлайн кабыл ала баштады Орусия: согушка каршы пикири үчүн иштен кеткен мугалимди окуучулар колдоп чыкты