1-майда Түркиянын Стамбул шаарында инфляциянын өсүшүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыккандар аларды басууга аракет кылган полиция кызматкерлери менен кагылышты.
Түркиянын кесиптик кошуундарынын конфедерациясынын башчысы Эргун Аталай нааразылык акциясы учурунда эң төмөнкү маянаны баалардын өсүшүнө карап жогорулатып турууга чакырды.
Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөндөй, полиция андан кийин Таксим аянтында ондогон адамды фургонго салып кетти. Demiroren агенттиги, Стамбулдун башка райондору Бешикташта 30 адам, Шишлиде 22 адам кармалганын жазды.
Стамбулдун администрациясынын кабарлашынча, “мыйзамсыз демонстрацияларга” чыккан 164 киши кармалды.
Коронавирус пандемиясы башталгандан кийин дүйнөдө, анын ичинде Түркияда да кымбатчылык күчөгөн. Reuters агенттиги кабарлагандай, Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин Түркияда инфляциянын деңгээли апрелде 61-68%га чейин көтөрүлгөн. (ErN)
Дагы караңыз
Ооганстандагы жардырууга “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алдыКесиптик лицейлерди реформалоо сунушталды Акыйкатчы жарандарды онлайн кабыл ала баштады Орусия: согушка каршы пикири үчүн иштен кеткен мугалимди окуучулар колдоп чыктыЧүйдө эл сүт иштетүүчү заводдорго нааразылык билдирип жатат