Акыйкатчы жарандарды онлайн кабыл ала баштады

Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды жеке маселелери боюнча онлайн кабыл алып, Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан 29 адамдын арыз-муңун укту. Мындан тышкары Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну чогуу Акыйкатчы менен онлайн сүйлөштү.

Жарандардын кайрылуулары негизинен жер-укуктук талаштар, тастыктоочу документтердин жоктугу, бир турак жайда 15 жылдан ашык жашаган адамдардын менчик укугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар, "Үй-бүлөгө көмөк" социалдык жөлөкпулдарды алуу укугу жана башка маселелерге байланыштуу.

Акыйкатчы мындан ары да онлайн кабыл алууларды уюштуруп турарын билдирди.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылы иштей баштаган. Мекемеге адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкерелөө милдети жүктөлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Өлбөс полк" тууралуу пикирин айтты Мугалимдин айлыгы көтөрүлдүСириядагы лагерлерде азап тарткан аялдарАктриса Анжелина Жоли Львов шаарына барып, качкындар менен баарлашты АКШ Конгрессинин өкүлдөрү Киевге бардыКесиптик лицейлерди реформалоо сунушталды