Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси коррупцияга шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматта жазылгандай, УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгы ветеринардык иш-кагаздарын жасалмалап, малды экспорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган.
Ал схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш .Н .нын тиешеси бар деп шек саналууда.
УКМКнын басма сөз кызматы шектүү Ш.Н.Т. акчалай сыйлык үчүн малды сыртка сатууга "Форма-1" үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү тиешелүү чараларды өткөрбөй жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзбөй берип келгени аныкталды деп маалымдады. Ага ылайык, шектүү жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык акчага макулдашып жаткан учурда кармалышкан.
Кармалгандар баары Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)
Дагы караңыз
ИИМдин Криминалдык кызматынын башчысы иштен алындыМариуполдон тынч тургундарды чыгарып кетүүгө мүмкүн эместиги айтылуудаCOVID-19: Тогуз адам дарыланып жататСултанбаев: президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн кубаттайтОрусия: кыскарган айлык, иш таштаган мигранттарКабулдагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алды