Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.
Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдогон. Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан.
22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде Руслан Казакбаев кызматынан кеткен.
59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон. (TSh)
Дагы караңыз
“Манас айылы” комплексин жаңылоонун долбоору жарыяландыТалиб лидери эл аралык коомчулукту өлкө бийлигин таанууга чакырдыИИМ таанымал адамдар жарнамалаган каржылык уюмдардан сак болууга чакырдыТаштанды жай боюнча мурдагы мэрге издөө жарыяланып, жетекчи кармалдыАкылбек Жапаров жыйынга катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты