Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Иллюстрация. Жалал-Абад, Сары-Челек. Июль, 2019-жыл.

30-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 28…28

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын дубанында 1…6, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймакта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.

Дагы караңыз

БУУнун баш катчысы Киевде жүргөндө орус армиясы сокку урдуПрезидент Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолуктуБишкектеги “Рухий Мурас” конушундагы мектептин курулушу башталдыБишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучу милициянын каттоосуна алынды