Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинага барган маалда орус армиясы 28-апрелде Киевге бир нече ракеталык сокку урду.
Маалыматка караганда, чабуул Гуттериш менен украин президенти Владимир Зеленскийдин биргелешкен маалымат жыйыны аяктаары менен жасалган.
Ракеталардын бири баш катчы жайгашкан мейманканага жакын жерге урулган.
Владимир Зеленский бул соккулар Орусиянын "БУУну жана бул уюмдун ишмердүүлүгүн басынтуу аракетин көрсөтөрүн" билдирди.
"Бул жырткычтык акт менен Орусия дагы бир ирет Украинага, Европага, дүйнөгө болгон мамилесин айгинеледи",-деди тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Гуттериш өзү "Би-би-сиге" курган маегинде соккулар тууралуу укканда нес болгонун айтты. Буга чейин ал Москванын Украинага басып киришин "акылга сыйгыс" деп айыптап, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин бул согуштун алдын албаганы жана токтото албаганы үчүн сынга алган.
Гуттериш Зеленскийге жолугардан мурда орус баскынчыларынан катуу жабыркаган Буча, Бородянка, Ирпень шаарларында болгон.
Ал эми 27-апрелде Москвада орус лидери Владимир Путин менен жолуккан.
Дагы караңыз
Президент Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолуктуБишкектеги “Рухий Мурас” конушундагы мектептин курулушу башталдыБишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучу милициянын каттоосуна алындыБишкектин 144 жылдыгы белгиленип жататКесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга арналган коомдук талкуу өтүп жататАкын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду (видео)