Украина: согуштан качкан балдар, майданда калган ата-энелер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинада согуш башталганына эки айдан ашты. Беш миллиондон арбын киши үй-жайын таштап, качкынга айланды. Согушта эки жүздөн ашуун баланын өмүрү кыйылды. Төрт жүздөн көп жеткинчек жарадар болду. Ата-энелери майданда, наристелер балдар үйүндө калды.