ЭлТР телеканалынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек- Нарын-Торугарт автожолунда ЭлТР телеканалынын кызматкерлери кырсыкка учурады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматта кырсык 27-апрелде саат 16:50 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айланма жолдо катталганы айтылат. Телеканалдын кызматкерлери бараткан Opel Zafira үлгүсүндөгү автоунаа оор жүк ташуучу "КамАЗды" артынан сүзгөн. Кырсыктын себептери такталып жатат.

Жеңил автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, ичиндеги 46 жана 45 жаштагы эки киши Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Телеканалдын жетекчиси Эрлан Догдурбеков жеңил машинеде бараткандар телеканалдын кызматкерлери экенин "Азаттыкка" ырастап, аларды Бишкектеги ооруканага которуп жатканын билдирди. Жабыркагандардын абалы туруктуу экенин айтты.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталды. Андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.(KS)

Дагы караңыз

Бишкек: таштанды жайга бөлүнгөн каражат боюнча аудит жүрүп жатат Бишкек мэриясы 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө камданып жатат Садыр Жапаров: чек ара көйгөйүн чечүүдө кылдаттык жана сабырдуулук керек