Британиялык компания Кумтөр боюнча аудит жүргүзмөй болду

Акылбек Жапаров "Кумтөр", алтын кенинде. 13-ноябрь, 2021-жыл

Министрлер кабинети "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын каржылык отчётуна көз карандысыз аудит жүргүзүүнү британиялык Ernst & Young компаниясына бермей болду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

15-апрелде чыккан тескемеге ылайык, Ernst & Young компаниясы "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 2021-жылдагы каржылык отчёту боюнча аудит жүргүзөт. Анда эки ишкананын ортосунда келишим түзүлүшү керектиги айтылат. Бирок документте аудит жүргүзгөнү үчүн британиялык компанияга төлөнчү каражаттын көлөмү айтылган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык отчёттор корутунду менен бирге Министрлер кабинетине берилери жазылган.

"Кумтөр" ишканасынын басма сөз кызматы аудит жүргүзө турчу компания жана анын кызмат акысы тууралуу жылдык отчётто кеңири маалымат берилерин айтты.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Келишимдин шарттары оптималдуу болгонун жана улуттук кызыкчылыкка төп келгенин билдирген. Бул үчүн Кыргызстан "Центерра Голд" компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде, Кумтөр алтын кени боюнча юридикалык маселелердин бардыгы апрель-май айларында жөнгө салынып, кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга жол ачыла турганын билдирген.

Ernst & Young - 1989-жылы түзүлгөн британиялык аудит жана консалтинг компаниясы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Компаниянын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан. (KS)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы 9-майда "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө камданып жатат Садыр Жапаров: чек ара көйгөйүн чечүүдө кылдаттык жана сабырдуулук керек Өзбекстанда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтпөйтСултанбаев: Кыргызстан ЖККУдан чыгары тууралуу маалымат негизсиз