УКМК тууралуу мыйзам долбоорлор топтому экинчи окуудан өттү

Улуттук коопсуздук кызматынын имараты, Бишкек

Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги отурумда УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам долбоорлорунун пакетин экинчи окууда жактырды.

Парламент депутаты Дастан Бекешев долбоордо эл өкүлдөрү берген айрым сунуштар камтылбай калганын айтып чыкты.

Ал мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өткөндө депутаттар бир катар сунуштарды бергенин билдирип жатат.

Пакетте "Улуттук коопсуздук органдары”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо”, “Терроризмге каршы аракеттенүү” жөнүндө беш мыйзам долбоору бар.

Документ кабыл алынса, атайын кызматка прокуратуранын уруксатысыз эле жарандарды тыңшоого жана тасмага тартууга уруксат берилет.

Атайын кызматтын ишине байланыштуу мыйзамдардын пакетин парламенттин тармактык комитети февралда биринчи окууда караган. Бир катар депутаттар УКМКга жарандарды прокуратуранын уруксатысыз тыңшоо жана тасмага тартуу укугу берилип жатканын сындап чыгышкан. Буга жол бербөө тууралуу сунуштар айтылган.

Кыргызстанда саясатчылар, активисттер, журналисттердин жашыруун жаздырылган үндөрү, тасмалары, сүрөттөрү тараган учурлар арбын. Саясатчылар бул ишке атайын кызматты айыптап, аталган орган бийликтин оппоненттери менен күрөшүү куралына айланганын айтып жүрөт. (KS)

Дагы караңыз

Өзбекстанда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтпөйтСултанбаев: Кыргызстан ЖККУдан чыгары тууралуу маалымат негизсиз Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылдыОрусия соту Мариупол жөнүндө жазган журналистти камакка алуу чечимин чыгарды