Тарылгадагы оор турмуш: мигранттардын балдары, небере баккан энелер

Тарылга айылынын тургуну Нурайым Кожоналиева неберелери Алинур (солдо) жана Афтандил менен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2019-жылы Кыргызстандагы 99 миң баланын атасы дагы, апасы дагы миграцияда, 277 миң баланын ата-энесинин бирөө миграцияда жүрөт.

"Азаттык" радиосу ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын жашоо-турмушун чагылдырган сүрөт баяндарды сунуштайт. Алгачкы чыгарылышыбыз унутта калган айылдагы балдардын жашоосу тууралуу болмокчу.

Ош шаарынан 150 чакырым алыс жайгашкан Кара-Суу районундагы Тарылга айылында 45 түтүн жашайт. Элетте жумуш жок болгондуктан жаштардын көбү балдарын ата-энесине калтырып, Ош, Бишкек жана Орусияга жумуш издеп кеткен.

Тарылгада уюлдук байланыш, интернет, дүкөн, фельдшердик-акушердик пункт жок. Айылдын эли жазында картөшкө айдап, кышкысын мал менен оокат кылат. Бала бакча жок, төрт жылдык гана мектеп бар. 2019-жылы мектепке онлайн сабак үчүн коюлган Wi-Fi күнүнө 4-5 саат гана иштейт. Элет тургундары бул интернетке кошулуп, жакындары менен WhatsАpp аркылуу байланышып турат.

Эскертүү: балдардын сүрөттөрү алардын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды жана аларды башка максатта колдонууга, көчүрүп алуууга болбойт.

Тарылга айылы Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан.

Тарылгага жетүү үчүн Папан суу сактагычынан өтүп, тоону көздөй эки сааттай жол жүрдүк. Айыл капчыгай ичинде жайгашкан. Ага жетиш үчүн тоонун бооруна салынган кууш жол менен барууга туура келет. Жолдун сол тарабындагы бийик жардын түбүндө Ак-Буура суусу шаркырап агып турат.

Тарылгага кеткен кууш жол.

Айылга автобус каттабайт. Таштак, чаң, кууш жолдо анда-санда портер айдаган айдоочуларды гана көрүүгө болот.

Бул айылда дүкөн жок. Азык-түлүк алуу үчүн 13 чакырым алыстагы Папан айылына барууга туура келет.

Тарылгада таза суу да тартыш. Айыл тургундары сууну эшек менен айыл четиндеги булактан ташып келет.

Билимге суусаган балалык

Катыча апа небереси Абдимажит менен үйүнүн короосунда.

Бул Исаковдордун үй-бүлөсү. Абибилла ата менен Катыча апа неберелери Абдимажит жана Абдикарим менен ушул үйдө жашайт. Балдардын ата-энеси Орусияда.

Абдимажит менен Абдикарим чоң ата, чоң энесинин эрмеги. Улуусу кол арага жарап калган. Чоң атасы менен кошо кетмен чаап, мал карашат.

Абдимажит иниси Абдикарим менен китеп окуп жатышат.

11 жаштагы Абдимажит азыр 4-классты аяктап жатат. Үй жумуштарынан колу бошой калса эле китеп окуйт. Келечекте мугалим болгусу келет.

"Биздин класста беш бала, бир кыз окуйбуз. Орус тилин аябай жакшы көрөм. Атам менен апам үй салабыз деп Орусияга кеткен. Күзүндө келсе керек", - дейт Абдимажит.

Катыча Ысакова жашы сексенге таяп калса да тандырга нан жаап, кир жууп, очокко тамак жасайт.

"Үй оокатынын баарын өзүм жасайм. Карылык бир аз кыйнап коёт экен. Абдимажит чоңоюп, кол арага жарап калды. Неберем 5-класстан баштап Папандагы мектепке (Тарылгадан 13 чакырым алыс) барып окуйт. Жол алыс, жөө кантип барат деп азыр эле сарсанаамын. Ал сабакты жакшы окуйт. Мектептен такыр калтыргым келбейт. Окусун дейм. Айылга каттаган автобус болсо, Папанга барып окуп келгенге кыйла жеңил болмок. Айылда такси деле жок".

Катыча апа неберелери менен чай ичип жатат.

"Неберелерим атам менен апам качан келет деп сурай берет. Үй салып бүтүп келет деп коём. Айылда телефон тартпайт. Алар ата-энеси менен көптөн бери сүйлөшө элек. Кээде аябай куса болуп, көздөрү жашылданып баштаганда мектептин интернетине туташып, ата-апасы менен сүйлөштүрүп коём. Неберелерим ата-энесин аябай сагынат. Айылда интернет тартканда күндө сүйлөшүп, мынчалык куса болмок эмес. Айтор, балдарым үй салып, неберелериме жакшы жашоо үчүн шарт түзүп берели деп иштеп жүрүшөт", - деди Катыча Ысакова.

Катыча Ысакова мектепти көздөй бара жатат.

"Балдарым ай сайын бизге акча салып турчу. Ага мен балдарынын кем-карчын, тамак-аш алып берем. Акыркы эки айда акча да салбай калышты. Өткөндө сүйлөшсөм "ишибиз жүрүшпөй жатат" деген. Балдарым Ошко үй салып жаткан, акча жок, курулуш токтоп калды. Үйүбүз бүтсө Кыргызстанга кайтабыз деп жаткан. Эми качан кайтарын билбейм", - деген Катыча апа жолун улады.

Тарылгадагы төрт жылдык мектеп

Тарылга айылындагы төрт жылдык мектепте 36 бала окуйт.

Тарылга айылындагы Айбаш Семетеев атындагы мектеп.

Мектепте үч класс, ашкана жана мугимдердин бөлмөсү бар. Чакан мектепте 4-класс менен 3-класстын окуучулары чогуу окуганга туура келет.

"Досканын сол жагына 3-класс үчүн, оң жагына 4-класс үчүн тапшырмаларды жазам. Эки классты чогуу окутуу өтө татаал. Бир класстын темасын жазган учурда экинчи класс күтүп отурат. Окуучу алагды болуп жатып теманы да толук түшүнбөй калат экен. Айла жок. Кышында класска темир меш орнотуп, от жагабыз. Кээде быкшып түтөп, класстын ичин ыш каптайт. Күн аябай суук болуп кеткенде балдарды үйгө таратабыз", - деп кейиди англис тилинен сабак берген мугалим Айтурган Асан кызы.

Башталгыч класстын мугалими Айтурган Асан кызы. (Сүрөттүн оң жагындагы бурчта мештин орду байкалып турат).

"Окуучулардын көбү чоң апа, чоң ата, таене, таяталары менен турат. Айылда социалдык кызматкер да, социалдык педагог да жок. Райондун борборунда иштеген социалдык кызматкерлер жол алыс, транспорт жок болгону үчүн айылга көп келбейт. Мындан улам балдар менен өзүбүз иштешкенге туура келет. Ата-энеси алыста жүргөн балдарга оор эле. Кээде калемсабы, дептери жок калат. Мындай учурда өзүбүз таап бергенге аракет кылабыз. Кошумча окутканга, үй тапшырмаларын даярдашканга жардам беребиз. Анткени чоң апа - чоң аталары колу бошобой жетишпей калат", - деди мугалим Айтурган Асан кызы.

Айылдын тургундары.

Былтыр балдарды онлайн окутуу үчүн айылдагы мектепке Wi-Fi орнотулган. Ошондон бери айылдыктар мектептин жанына бир маал чогулушат. Бул бакта алар алыстагы уул-кыздан кабар алып, коңшу-колоң менен баарлашып турушат.

Айтурган Асан кызы мектептин вай-файын жандырып жатат.

Мектептин интернети таңкы саат 8:00дөн түшкү саат 12:00гө чейин иштейт.

"Wi-Fi орнотулгандан кийин баары мектептин айланасына чогулуп алышты. Кээде түндө да келип, вай-файды жандырып бер деп талап кылган учурлар болду. Өкмөт айылга уюлдук байланышты жакшырткан станция курса жакшы болмок. Эл мынчалык кыйналмак эмес. Бул вай-фай окуучулар үчүн коюлган. Биз аны жандырып, сабак өтөбүз. 4-5 саат эле иштетип, үйгө кетерде өчүрүп коёбуз", - деди Айтурган Асан кызы.

Төрт неберени баккан чоң эне Нурайым

Нурайым Кожоналиеванын үйү мектептин жанында. Кошуна-колоңдор анын үйүнө да көп келет. Анткени ушул үйдө гана уюлдук байланыш тартат.

"Кошуналарым Москвадагы балдары, туугандары менен сүйлөшүү үчүн келип турат. Айылдагы бардык кошуналарымдын балдарынын, туугандарынын номерлери биздин телефондо жазылган. Кээде кошуналардын балдары, кыздары чалып, ата-энесинин ал-абалын сурап турат. Телефон ордунан жылса эле сигнал тартпай калат. Ошондуктан терезеге түшпөй тургандай кылып коёбуз. Бирок көп учурда сигнал тартпай, жөн эле тура берет", - деди Нурайым Кожоналиева.

Алты айлык Айсезимдин атасы ал төрөлө электе Орусияга жумуш издеп кеткен. Атасы кызын төрөлгөндөн бери көрө элек.

Нурайым Кожоналиева бул айылга 30 жыл мурда турмушка чыккан. Эки уул, үч кыздын апасы. Азыр ал Орусияга жумуш издеп кеткен уул-кызынын балдарын багып жатат. Неберелеринин улуусу Уулкыз төрт жашта, кичүүсү Сезимайга майда алты ай болот.

Айылда уюлдук байланыш Нурайым Кожоналиеванын үйүнүн ушул терезесинен гана тартат. Телефон ордунан кичине эле жылып кетсе байланыш тартпай калат.

Тарылгада бала бакча жок болгондуктан неберелерин өзү карайт. Ага 7-класста окуган кызы Минура жана келини жардам берет.

"Төрт неберем бар. Экөө кызымдыкы, экөө уулумдуку. Балдарым Орусияга иштегени кеткен. Мен аларга жардам болсун деп балдарын карап жатам", - деди Нурайым Кожоналиева.

Нурайым Кожоналиева неберелери менен.

"Интернеттин доору дегени менен биз замандан артта калып жатабыз. Жакындарыбыз менен телефон аркылуу сүйлөшө албайбыз. Менин кызым, күйөө балам, уулум Орусияда. Алар менен кээде эле телефондон сүйлөшпөсөк, байланышыбыз дээрлик жок. Ал деле мейли эле, кээде айылда бала-чака же кары-картаң ооруп калганда "Тез жардам" чакыра албайбыз. Айылда ФАП же дарыгер жок", - деди Нурайым Кожоналиева капаланып.

Тарылгада дарыгер жок болгондуктан кышкысын кар калың жаап, жол жабылып калган учурда айрым бөбөктөр эмдөөдөн да өтпөй калат.

Нурайым Кожаналиева колго кир жууп жатат.

"Өкмөт жок дегенде биздин айылга атайын дарыгер же социалдык кызматкер бөлүп берсе болмок. Алар бул жерде жашабаса, жок дегенде айына бир жолу келип кары-картаңдарды, балдарды текшерип кетип турушу керек эле. Айылыбызга таза суу келип, уюлдук байланыш иштеп, 11 жылдык мектеп курулса, уул-кыздарыбыз кыйналбай окумак. 7-класстагы кызым 13 чакырым жөө басып, Папан айылына барып окуйт. Бут кийими жыртылса да мейли, жолдо кырсыкка кабылып калбаса экен деп корком", - дейт Нурайым Кожоналиева.

Нурайым Кожоналиеванын кызы Минура (солдо) курбусу менен суу ташып келе жатышат.

Фотобаян Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ тарабынан биргелешип каржыланган "Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбордук Азиядагы миграциядан жабыркаган балдарды коргоо" программасынын жардамы менен ишке ашырылды. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ​ уюмдарынын көз карашын чагылдырбайт.