Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Буга чейин алдамчылыкка шек саналып 1997-жылы туулган Э.Н. аттуу жигит өзүн жаман сезип жатканын айткан. Аны 26-апрелде Бишкектин ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын коштоочулары ооруканага алып кеткен.
Кечки саат 8дер чамасында жигит качып кетип, издөөгө алынган. Бир нече сааттан кийин шектүүАламүдүн-1 кичи районунда жашынып жүргөн жеринен кармалды.
Буга чейин 23-апрелде шектүүнүн үстүнөн Октябрь райондук милициясына арыз түшкөн. Анда 1997-жылы туулган Э.Н. 2020-жылдын 11-сентябрында шаардагы стоматологиялык борборлордун биринде иштейм деп алдап, брекет коюп берем деген убада менен 35 миңге жакын акчасын алган.
Аталган факт Октябрь райондук милициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.(KS)
Дагы караңыз
Талгарбеков, Исаков баштаган саясатчылар бийликке кеңеш айткан уюм түздүИманов 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адам кармалганын айтты Жапаров Франциянын президенти Макронду жеңиши менен куттуктадыОрусия хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырады