27-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бош жумуш орундар менен кесиптердин жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жармаңкеге 2 миңден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардан 50 ири компания катышат.
Жалпысынан 6 миңден ашуун бош жумуш орундар каралат.
Иш-чараны аталган министрлик, Бишкек мэриясы, ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Германиянын эл аралык кызматташтык коому уюштурууда.
2021-жылы 76 миң адам расмий жумушсуз катары катталган. Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан 1,5 миллиондой кыргызстандык чет жактарда эмгек миграциясында жүрөт. (KS)
Дагы караңыз
Сот укук коргоочуларды айыпка жыккан чечимди жокко чыгардыКыргызстанда адам сатууга каршы үч жылдык программа бекитилди Ысык-Көлдө ак илбирс аткандар кармалды