Талас облусунда биринчи топтогу майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип анын айылдашы кармалганын "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун милицияга 18-апрелде арыз менен кайрылып, анда 30 жаштагы карындашын айылдашы зордуктаганын жазган. Шектүү зордуктоо тууралуу дооматты четке каккан.
Кыз соттук-медициналык экспертизадан өткөн, денесине жаракат келтирилбегени аныкталган.
Шектүү кылмыш жаза кодексинин 37-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү") жана 154-беренеси ("Зордуктоо") менен айыпка тартылып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал тараптан комментарий боло элек.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. (KS/MKt)
Дагы караңыз
Остин: агрессия кайталанбашы үчүн Орусия алсыз болушу керек Нарсулуу: "Кат турмуш" - миграциядагы кыз-келиндердин үнүСот укук коргоочуларды айыпка жыккан чечимди жокко чыгардыЖерге-Тал - Oш: Жалгыз учак жана студенттер Кыргызстанда адам сатууга каршы үч жылдык программа бекитилди