"Мегаком" деген соода бренди катары таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов уюлдук оператордун кардарларынын жеке маалыматтары укук коргоо органдарына берилбейт деп билдирди. Бул тууралуу Базаркулов “BULAK NEWS” деп аталган Ютуб каналга маек куруп жатып айтты.
“Биз эч кимге бербейбиз. Укук коргоо органдарына дагы маалымат берилбейт. Абонеттин өзүнүн макулдугу жана мыйзам чегинде гана маалымат берилет”, - деди Базаркулов.
Аталган уюлдук оператордун кардары болгон жарандык коомдун өкүлдөрү социалдык тармактагы жеке баракчаларын бузуп кирүүгө аракет болуп жатканын айтып келишет.
"Мегаком" компаниясы 100% мамлекеттик ишкана. Азат Базаркулов компанияны өткөн жылдын март айынан бери башкарып жатат. (TSh)
Дагы караңыз
Депутат: жаңы келген өрт өчүрүүчү машинелер ишке берилбей турат Жогорку кызматкерлердин жарандыгын текшерген мыйзам долбоору даярдалдыКыргызстанда накталай доллар тартыш болуп жатканы айтылдыМасадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болду