Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Дүйнөлүк банк алып берген 58 өрт өчүрүүчү автоунаа иштетилбей турганын айтып чыкты. 25-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов долбоор боюнча техникаларды каттоо кечеңдеп жатканын билдирди.
“Бул долбоор менен келген. Аларды каттоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Дүйнөлүк банктан документ иштери кармалып жатат”, - деди Шамырканов.
23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келингени белгилүү болгон. Атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшүп, ал “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашкан.
2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар. (TSh)
Дагы караңыз
Кыргызстанда накталай доллар тартыш болуп жатканы айтылдыИИМ: үч айда мал уурулуктун чыгымы 25 млн. сомду түздү"Бир дүйнө Кыргызстан" Аскаровдун иши боюнча президентке кайрылдыДепутат Мадумаров тажрыйбасыз адистер элчи болуп жатат деп сындады