Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болду

Таалатбек Масадыков.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде Таалатбек Масадыковду өзгөчө тапшырмалар боюнча өзүнүн атайын өкүлү кызматына дайындады.

Масадыков буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган. Өткөн аптада ал Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болгон.

Президенттин басма сөз кызматы анда аталган өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, эл аралык эксперттер менен жолугушуулар өткөнүн билдирген.

Өткөн жылы июлда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Масадыковду дайындаган.

Акыркы мезгилде ал маалымат каражаттарына көп чыкпай калган. Өткөн жумада парламенттин тармактын комитетинде анын кызмат ордунун Конституцияга туура келер-келбеси жөнүндө сөз болгон.

Дагы караңыз

Санариптик өнүгүү министри паспорт мафиясы күчөгөнүн айтып чыкты Камчыбек Ташиев июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берди Тажик-кыргыз чек арасы толук такталгандан кийин тосмолор коюлат Элчи Кадыркулов Украинага кайтууну каалагандарды ашыкпоого чакырды Министрлик дарыгерлердин айлыгы көбөйгөн жол-жобону түшүндүрдү