ИИМ: үч айда мал уурулуктун чыгымы 25 млн. сомду түздү

Айыл чарба министрлиги тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматы боюнча 2022-жылдын үч айында 802 баш мал-жандык уурдалып, анын 437си ээсине кайтарылган.

Министрликтин билдиришинче, бул боюнча 318 факт катталган. Жалпы материалдык чыгым 25 миллион 260 миң сомду түзүп, анын 13 млн. 265 миңи өндүрүлгөн.

Милиция мал уурлук айылда актуалдуу көйгөй бойдон калып жатканын билдирди.

25-апрелде Ички иштер министрлигинде Айыл чарба министрлигинин тийиштүү кызматтары менен бирге айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана мал уурдоого бөгөт коюу боюнча жыйын өттү.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын тогуз айында эки миң беш жүздөн ашык бодо мал уурдалган. Мал уурулук үчүн түзүлгөн 87 кылмыштуу топтун 187 мүчөсү аныкталган. (TSh)

Дагы караңыз

"Бир дүйнө Кыргызстан" Аскаровдун иши боюнча президентке кайрылдыДепутат Мадумаров тажрыйбасыз адистер элчи болуп жатат деп сындадыАлмазбек Атамбаев кардиология борборунан текшерүүдөн өтөтКулубаев Кыргызстанга көп векторлуу тышкы саясат керек экенин билдирди