Латвия Украинадагы орус агрессиясынын курмандыктарын эскерет

Ригадагы мемориалдык эстелик.

Латвия Сейми 9-майды фашизмди жеңген күн эмес, Орусиянын Украинадагы согуштук агрессиясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиледи.

Бул күнү өлкө боюнча аза күтүү жарыяланып, бардык майрамдарга тыюу салынат.

Буга чейин 9-май Ригада "Советтик армиянын жоокерлери — Советтик Латвияны фашисттик баскынчылардан бошоткондорго" арналган мемориалдык комплексинин жанында майрамдалып келген.

Иш-чарага он миңдеген адамдар катышып, орусиялык артисттер концерт беришчү.

"Эми 9-майда Латвияда мындай болбойт", - деп айтылат Сеймдин депутаттары кабыл алган мыйзамда. (SE)

Дагы караңыз

Одессага сокку урулду. Набыт болгондордун арасында үч айлык ымыркай да барЖапонияда круиздик кеме кырсыктап, он адам каза болдуФранцияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жататОоганстандагы чабуулдарда бир жумада кеминде 50 бала каза болду