Баткен жана Сохтун акимдери суу көйгөйүнө байланыштуу жолугушту

Эки тараптуу жолугушуудан тартылган сүрөт.

Баткендеги Ширеч суу алуучу түйүнүн, суу каналын оңдоп-түзөө Өзбекстандын Сох району менен эки тараптуу макулдашылды. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди.

22-апрелде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары район борборуна чогулуп, Өзбекстан аркылуу суу келбей жатканына нааразы болушкан. Алар суу жоктугунан эгин талаалары зыян тартканын айтышкан.

Аталган айыл өкмөткө суу Өзбекстан менен макулдашылбаган аймакта жайгашкан Ширеч суу алуучу түйүнүнөн келет. Район жетекчилиги бул түйүн оңдоого муктаждыгын айтууда.

Жоробаев Сохтун акими Саидбахром Саидмусаев менен 23-апрелде чектеш аймакта жолугуп, маселени талкуулашканын, көйгөй чечилгенин айтты.

"Учурда суу алуучу түйүндө кыргыз тараптын суучулары иштеп жатышат. Бир-эки күндө суу берилет", - деди Жоробаев. (SE\JsA)

Дагы караңыз

Кожошев менен Султанов логистикалык борбор курууну талкуулаштыОоганстандагы чабуулдарда бир жумада кеминде 50 бала каза болдуБУУнун баш катчысы Москвада Путин жана Лавров менен жолугушат