Росавиация 11 аэропортко киргизилген тыюу салууну онунчу жолу узартты

Федералдык аба транспорт агенттиги (Росавиация) Орусиянын түштүгүндөгү 11 аэропортко учууга тыюу салуу чечимин 1-майга чейин узартты. Бул тууралуу 23-апрелде "Интерфакс" кабарлады. Аэропорттордун ишин чектөө ушуну менен онунчу жолу узартылууда.

Кеп Анапа, Белгород, Брянск, Воронеж, Геленджик, Краснодар, Курск, Липецк, Ростов-на-Дону, Симферополь жана Элиста аэропортторуна каттамдарды чектөө жөнүндө болуп жатат.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген күнү өлкө түштүгүндөгү аба мейкиндигин жарандык авиацияга жаап койгон.

Дагы караңыз

Мариуполдун жанындагы дагы бир болжолдуу жапырт көрүстөндүн сүрөтү жарыяланды Медиа коомчулук Болот Темировго куугунтукту токтотууга чакырдыДолларды банкта арзан, базарда кымбат кылган жагдайКазакбаевдин күтүүсүз кызматтан кетишиОрусия "Москва" крейсеринде бир адам каза болгонун билдирди